Пресс-релиз Посольства КР в РФ
о решении российской стороны о проведении «миграционной амнистии» для граждан Кыргызской Республики
Уважаемые граждане Кыргызской Республики!
Посольство Кыргызской Республики в Российской Федерации сообщает, что в рамках реализации кыргызско-российских договоренностей в преддверии предстоящего государственного визита Президента Российской Федерации В.Путина в Кыргызстан, российской стороной принято решение о проведении «миграционной амнистии» для граждан Кыргызской Республики.
В период «миграционной амнистии» гражданам Кыргызстана, находящимся в России с нарушением миграционного законодательства Российской Федерации, предоставляется право беспрепятственно выехать из России до 22 апреля 2019 года и въехать обратно на территорию РФ (в любые сроки), без привлечения к административной ответственности.
Данная информация была предоставлена 21 марта 2019 года в ходе встречи делегации Кыргызской Республики с Начальником Главного Управления по вопросам миграции МВД Российской Федерации В.Казаковой.
Уважаемые граждане Кыргызской Республики!
Посольство КР в РФ призывает граждан Кыргызской Республики, находящихся в России с нарушением сроков пребывания воспользоваться «миграционной амнистией».
Для получения подробной иннформации можно обратиться по тел. горячей линии Посольства: + 7 925 103 29 11.
Кыргыз Республикасынын жарандарына карата “миграциялык амнистияны” жарыялоо тууралуу маалыматтык кабар
Кыргыз Республикасынын Россия Федерациясындагы Элчилиги Россия Федерациясынын Президенти В.Путиндин Кыргыз Республикасына боло турган мамлекеттик сапарына карата КРнын жана РФнын мамлекет башчыларынын деңгээлинде жетишилген кыргыз-россиялык келишимдерди ишке ашыруунун алкагында россия тарабы Кыргыз Республикасынын жарандарына карата “миграциялык мунапыс” жарыялоо чечимин кабыл алгандыгын маалымдайт.
“Миграциялык мунапыс” мезгилинде Россия Федерациясынын аймагында миграциялык мыйзам бузуулары менен жүргөн Кыргызстандын жарандарына 2019-жылдын 22-апрелине чейин эч кандай тоскоолдуксуз чыгууга жана кайра каалаган учурда административдик жоопко тартылбастан кирүүгө укук берилет.
Бул маалымат 2019-жылдын 21-мартында Кыргыз Республикасынын Россия Федерациясындагы Элчилигинин делегациясы менен Россия Федерациясынын Ички иштер министрлигинин Миграция маселеси боюнча Башкы башкармалыгынын Начальниги В.Казакова менен жолугушууда берилди.
Урматтуу Кыргыз Республикасынын жарандары,
Кыргыз Республикасынын Россия Федерациясындагы Элчилиги миграциялык майда мыйзам бузуулары бар жарандарды жогоруда белгиленген мөөнөттүн ичинде “миграциялык мунапыстан” пайдаланып алууга чакырат.
Мүмкүн болушунча жакындар, жердештер, кесиптештер арасында бул маалыматты таркатууну өтүнөт.
Толугураак маалымат алуу үчүн Элчиликтин ыкчам байланыш тел. + 925 103 29 11 кайрылсаңыздар болот.